«Русгидро» Жогорку Нарын каскадын курууну улантабы? (видео)

650

Жогорку Нарын каскадын куруу боюнча долбоорго үчүнчү тарап катышуусу мүмкүн. Бул тууралуу өкмөт башчы менен «Русгидро» компаниясынын төрагасынын жолугушуусунда сөз болгону айтылууда. Расмий маалыматтар боюнча, тараптар маселени сот аркылуу эмес, өз ара түшүнүү менен чечүүнү сүйлөшүшкөн.

Жогорку Нарын каскадын курууну россиялык компания улантышы мүмкүн экени буга чейин эле айтылган. Бирок жаңы шарттар менен. Анын бири үчүнчү жактын катышуусу болушу мүмкүн. Бир катар эксперттер долбоорду улантуу туура кадам экенин айтышууда. Эң башкысы бул жолу келишимди түзүүдө этият болуп, финансы жагына көзөмөлдү күчөтүү керек дешет.