“РусГидро” кыргыз өкмөтүнө соттошуу боюнча кат жөнөтүлгөнүн ырастады

729

Орусиянын «РусГидро» компаниясы Гаага сотунда «Жогорку Нарын ГЭСтер каскады» долбооруна байланыштуу анын арызын карай турган курам жана соттук иштин графиги аныкталганын расмий маалымдады.

Мекеменин сайтында чыккан билдирүүдө айтылгандай, компаниянын Кыргызстанга каршы даттанган арызына кыргыз өкмөтү 2019-жылдын 15-апрелинен кечикпей жооп бериши керек болот.

«РусГидро» ошондой эле расмий Бишкектин “соттошуу жөнүндө кабарлоо каты келген эмес” деген билдирүүсүн төгүндөдү. Компания 2018-жылдын 15-январында Кыргызстандын президентинин, премьеринин, Экономика министрлигинин, Тышкы иштер министрлигинин жана башка тиешелүү мекемелердин атына иш арбитраждык сотко берилгени тууралуу маалымдама жөнөтүлгөнүн билдирди.

Буга чейин Тышкы иштер министрлиги «РусГидро» компаниясы Кыргызстанга каршы Гаага сотуна кайрылганы тууралуу Бишкек расмий билдирүү ала элек экенин билдирген эле.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.