“РусГидро” Кыргызстанды Гаага сотуна берет (видео)

633

«Рус Гидро» компаниясы Кыргызстанды Гаагадагы Эл аралык сотко бергени жатат. Россиялык ишкана Жогорку Нарын электр станцияларынын каскадындагы баштапкы курулуш иштерине жумшалды делген, 37 миллион долларды өндүрүп берүүнү талап кылат. Бул тууралуу орусиялык «РИА Новости» агенттиги жазып чыкты. Ага ылайык, мындай чечимди ишкананын жетекчиси компаниянын акционерлеринин жыйынында билдирген. Кыргыз өкмөтү болсо бул боюнча азырынча ун ката элек. Ал эми убагында 37 миллион доллардын сарпталышын изилдеген депутаттык комиссиянын мүчөлөрү болсо бул иште күмөндүү жагдайлар болгонун айтышат. Бирок эмнегедир укук коргоо органдары ал фактыларга көңүл бурбай койгон, дешет алар.