Руслан Казакбаев: “Ө. Бабановдун иши акыйкат каралышы керек” (видео)

585

Өмүрбек Бабановго козголгон кылмыш иши акыйкат каралышы керек. Бул тууралуу парламенттин жыйынында эл өкүлү Руслан Казакбаев билдирди. Ал президентке кайрылып, анын мурдагы тажрыйбалуу жетекчилерди чогултуп кеңешүү идеясын колдоого алаарын белгилеп, «Республика» партиясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабановдун иши акыйкат каралышы керектигин билдирди.

Ошондой эле, УКМКнын ага карата козголгон кылмыш иши токтотулганын жарыялаганы — коомчулукта чоң үмүт жаратып жатканын айтты. Парламент өкүлүнүн бул чакырыгын башка эл өкүлдөрү дагы колдоого алышууда. Алар бир жылдан бери саясаттан кетип, элдин биримдигин, өлкөнүн келечегин ойлогон саясатчыны өлкөгө келүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүлүшү керектигин айтышууда.