Рустам Маманов менен Рустам Воинов УКМК тарабынан кармалды

1727

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Рустам Маманов УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан кармалды. Аны менен кошо ишкер Рустам Воинов дагы тергөө абагына киргизилген. Бул маалыматты Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен тастыкташты.

Кармалган жарандар буга чейин козголгон кылмыш ишинин алкагында камакка алынган. Учурда бул боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Айрым жалпыга маалымдоо каражаттары ишенимдүү булактарга таянып,  Маманов менен Воинов жер талашка байланыштуу кармалышы мүмкүн экенин жазып чыгышты.

Азырынча УКМК бул тууралуу толук маалымат бере элек.