С. Исаков тергөөчүлөрдүн кайсы суроолоруна жооп берди? (видео)

1769

Сапар Исаков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине экинчи ирээт суракка чакырылды. Мурдагы өкмөт башчы Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш иши саясатташып баратканын жана акыйкат иликтениши керектигин билдирди. Ошондой эле ал, Бишкек ЖЭБин иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусуна дагы бир катар ысымдар кошулбай калганын айтып чыкты. Эске салсак, Сапар Исаков 26-апрелде да тергөөчүлөргө көрсөтмө берген. Анда мурдагы премьер-министр 2 сааттай суроолорго жооп берсе, бул жолу ал түшкө чейин 4 саат бою сурак берип отурду. Исаков атайын кызматтын өкүлдөрүнө эмнелер жөнүндө айтып берди?