С. Жапаров: “Азык-түлүк коопсуздугу критикалык абалга келди” (видео)

1455

Учурда өлкөдө азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуунун деңгээли өтө кооптуу абалда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин отурумунда билдирди. Айтымында, өлкө өзү өндүргөн азык-түлүктөр боюнча көрсөткүчтөр 80 пайызга жетиши керек болсо, учурда ал 40 пайызга да жетип-жетпейт.

Ошондой эле отурумда экономика министри мындан ары күйүүчү майлоочу майдын баасын туруктуу кармоо кыйын болорун ачык эле айтты. Тез аранын ичинде бул кырдаалды жөнгө салууга багытталган жол жоболорго өтүү зарыл, — дешет алар. Отурумда ишиндеги чабалдыгы үчүн 4 аткаминер сөгүш алса, дагы 2 чиновник иштен айдалды.