С. Жапаровдун иши: сотторго ишенбөөчүлүк жарыяланды (видео)

592

Жогорку сотто Садыр Жапаровдун иши каралып, ал дагы көпкө созулган жок. Анткени Жапаровдун адвокаттары сотто төрагалык кылган Лепес Темирбековго ишенбөөчүлүк жарыялады.

Бул өтүнүчтү соттук коллегия канааттандырып, жаңы курам түзүлгөндүктөн, судьяларга иш менен кенеңирээк таанышууга бир жума убакыт берилди. 11 жарым жылга эркинен ажыратылып, учурда жазасын өтөп жаткан Садыр Жапаровдун ишин кайра кароо 30-апрелде башталмай болду.