С. Жээнбеков 5 өлкөнүн элчисин кабыл алды

524

Президент Сооронбай Жээнбеков 5 өлкөнүн элчилеринин ишеним грамоталарын кабыл алды. Алар Улуу Британия, Казакстан, Малайзия, Армения жана Индонезиянын дипломаттары. Мамлекет башчы менен жолугушууда башкалардан өзгөчөлөнгөн дипломаттар болду.

Мисалы, Улуу Британиянын элчиси Чарльз Гарретт, кыргыз тилин жакшы өздөштүрүп жатканын дагы бир жолу далилдей алды. Ал Сооронбай Жээнбеков менен кыргыз тилинде учурашып, муну менен жашап жүргөн мамлекеттин тилин үйрөнүү – өлкөнү урматтоо экенин белгиледи.