С. Жээнбеков 6 элчини кабыл алды (видео)

714

Президент Сооронбай Жээнбеков 6 элчинин ишеним грамотасын кабыл алды. Алар Япония, Гана, Испания, Молдова, Шри Ланка жана Бахрейн падышалыгынан келген дипломаттар. Атайын жана ыйгарым укуктуу элчилер менен жолугушуу учурунда Сооронбай Жээнбеков өлкөлөр ортосунда экономикалык, маданий жана гуманитардык жактан кызматташууну талкуулады.

Мындан тышкары, Кыргызстанга инвестиция тартуунун жолдору жана келечеги тууралуу сөз козголду. Мамлекет башчы Кыргызстандагы Япониянын элчиси менен күн чыгыш өлкөсүнө пландалган иш сапары тууралуу сүйлөштү.