С. Жээнбеков: «Чек араны коргоодон өтөөр ыйык милдет жок» (видео)

698

«Чек араны коргоодон өтөөр ыйык милдет жок». Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн 27 жылдыгына жана Мамлекеттик чек ара кызматынын 20 жылдыгына арналган салтанатта сүйлөп жатып билдирди.

Анда өлкө башчысы чек арачы болуу, Ата мекендин сырткы чегин коргоо өтө татаал, бирок өзгөчө сыймыктуу миссия экенин баса белгиледи. Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө кызмат өтөөдөгү берилгендиктери үчүн бир нече учурдагы жана мурдагы чек арачылар президенттин эңчилүү сааты менен сыйланышты.