С. Жээнбеков чет элдик донорлор менен жолугушту (видео)

616

Жогорку мамлекеттик саясий кызматтагылардын бат-бат алмашуусу өнүгүүгө багытталган программалардын ишке ашуусун кечеңдетип жатат. Бул тууралуу “Ала-Арча” резиденциясында өткөн жыйында Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы туруктуу координатору Озонниа Ожиело билдирди. Анда президент Сооронбай Жээнбеков баштаган бийлик өкүлдөрү эл аралык донорлор менен жолугушту.

Эл аралык өнөктөштөр бир топ көйгөйлөрдү ачык айтышты. Мамлекеттик мекемелердин ишке кайдыгерлиги бир топ программалардын ишке ашпай калуусуна себеп болуп жатыптыр. Өз кезегинде мамлекет башчысы мындан кийин бардык тараптардын ортосунда донордук жардамды координациялоо боюнча диалог аянтчасын туруктуу негизде иштээрин белгиледи.