С. Жээнбеков Чыңгыз Айтматовду Манаска теңеди (видео)

775

Эл аралык Ысык-Көл форуму өз ишин баштады. Ири иш-чарага 25 мамлекеттен 160тан ашуун адам катышууда. Айтматовдук жолугушууга маданият жана адабият өкүлдөрүнөн тышкары, экологдор менен футурологдор, саясатчылар, жазуучунун санаалаштары менен достору келишти. Алардын арасында Түрксойдун баш катчысы Дүйсен Касеинов, казак адабиятчылары Олжас Сулейменов менен Мухтар Шаханов, Шериктештик өлкөлөрүнөн, Кытайдан, Түркиядан жана Түштүк Кореядан жазуучулар менен илимпоздор бар.

Форумдун алгачкы күнү улуу жазуучу чыгармаларындагы мурастарга басым жасалып, иш-чаранын максаттары талкууланды. Бишкекте ачылган форум кийинки эки күн бою Ысык-Көлдө уланат. Анда Айтматовдун чыгармачылыгы, экологиялык чөйрө жана коопсуздук, заманыбыздагы дүйнө элин кооптондурган көйгөйлөр, маданияттагы жаңылыктар тууралуу талкуулар өтөт. Анын жыйынтыгы менен Ысык-Көл форумунун декларациясы кабыл алынат.