С. Жээнбеков: ЕАЭБдин алкагында тоскоолдуктарды жоюу зарыл (видео)

707

Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында тоскоолдуктарды жоюу зарыл. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Санкт-Петербург шаарында өткөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында сүйлөп жатып билдирди. Кыргызстандын мамлекет башчысынын айтымында, товар айлантуунун жана кызмат көрсөтүү, капитал, жумушчу күчүнүн эркин болуусун камсыздоо зарыл.

Бул отурумда Беларусь президенти Александр Лукашенко биримдикте соода жүгүртүүдөгү айрым эрежелер сакталбай жатканына токтолсо, Армениянын премьер-министринин милдетин аткаруучу Никол Пашинян, биримдик Армениянын экономикасына чоң салым кошуп жатканын айтты. Ал эми отурумга быйыл төрагалык кылып жаткан Россиянын президенти Владимир Путин, Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында төлөм жүргүзүүнүн орток инфраструктурасын түзүүнү сунуштады.