С. Жээнбеков: Элчилерден жыл сайын отчет талап кылынат (видео)

652

Дипломатияда адашып келип калган адамдар болбошу керек. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков элчилер менен болгон кеңешмеде айтты. Анда мамлекет башчысы дипломаттардан жыл сайын аткарган иштери боюнча отчет алып тураарын эскертти. Мындан тышкары, элчилер менен башкы консулдардын конкреттүү милдеттери жана алардын ишмердүүлүгүн баалоо критерийлерин иштеп чыгууну тапшырды.

Ошондой эле, президент чет өлкөлөрдөгү элчиликтер менен консулдуктардын эшиги күнү-түнү ачык болсун деген талап койду. Дипломаттар жарандарыбыздын кызыкчылыктарын ыкчам коргоого жана маселесин чечүүгө даяр турушу керек.