С. Жээнбеков IT-технологиялар боюнча кызматташууга чакырды (видео)

538

Азербайжандын Баку шаарында түрк тилдүү мамлекеттер кеңешинин жетинчи отуруму жыйынтыкталды. Анда аталган кеңешке кирген өлкөлөр ортосунда ар тараптуу маселелер талкууланып, бир катар документтерге кол коюлду. Саммиттин алкагында Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков IT-технологиялары боюнча жана жашыл экономиканы өнүктүрүү багытында тыгыз кызматташууну сунуштады.

Ошондой эле, ортодогу соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыктын дараметин көтөрүү зарыл экенин белгиледи. Мындан тышкары, Кыргызстан логистика, транспорт, туризм жана инновациялык технологиялар чөйрөсүндөгү байланыштарды кеңейтип, түрк кеңешине кирген мамлекеттерден келген өнөктөштөр менен иштешүүгө даяр, — деди Сооронбай Жээнбеков.