С. Жээнбеков: Конституцияны өзгөртүүнүн зарылчылыгы жок (видео)

617

Кыргыз парламентине 80 жыл. Бул мааракеге карата «Ала-Арча» резиденциясында илимий-практикалык конференция өтүп, ага өлкө жетекчилери, учурдагы жана мурдагы депутаттар катышышты. Жыйында сүйлөгөн президент Сооронбай Жээнбеков 3 олуттуу маселеге токтолуп, анда учурда конституцияны өзгөртүүнүн зарылчылыгы жок экенин айтты. Ошондой эле, курултай жөнүндө мыйзам кабыл алуу керектигин белгиледи.

Мындан тышкары, мамлекет башчысы шайлоо мыйзамдары өзгөртүлө турган болсо, ал иштерди добуш берүүгө 1 жыл калганга чейин бүткөрүү зарыл деди. Саясий партиялар шайлоого так жазылган жана бекитилген мыйзамдардын негизинде гана аттануусу зарыл, дейт президент Сооронбай Жээнбеков.