С. Жээнбеков кыргыз диаспора өкүлдөрү менен жолугушту (видео)

990

Түркиядагы кыргызстандык мигранттар укуктук жардамга муктаж. Анткени мекендештерибиздин көбү жумуш таап берүүнү убадалап ара жолдо калтырып кеткен фирмалардын курмандыгына айланууда. Бул тууралуу Анкара шаарында президент Сооронбай Жээнбековдун кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушуусунда айтылды. Жолугушууга Түркиянын ар кайсы шаарларында иштеген эмгек мигранттары жана студенттер катышты. Анда президент эки өлкөнүн кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча комиссиялардын токтоп калган иштери кайрадан жанданаарын билдирди. Ал эми мекендештер көтөргөн маселелер боюнча президент тиешелүү органдарга тапшырма берип, өз көзөмөлүнө алууну убадалады.