С. Жээнбеков Мадумаровдун кайсы суроосунан коркту? (видео)

1385

Сооронбай Жээнбековдун КТРКда өткөн теледебатка келбей койгону коомчулукта кызуу талкууга түштү. Эске салсак, буга чейин Адахан Мадумаров аны теледебатта беттешүүгө чакырып, атайын суроолорду камдап жатканын билдирген. Бирок ал суроолор жоопсуз калды. Мындан улам, түз эфирдеги сөз таймашына келбей калганын айрымдары коркоктук катары бааласа, башкалары элди сыйлабагандык, деп катуу сынга алды. Ал ортодо, эфирге келбей койгон Жээнбековдун Ошто ресторанда аксакалдар менен чай ичип отургандагы сүрөттөрү менен видеосу жарыяланды. Анда Кыргызстанга белгилүү бир катар инсандарды көрүүгө болот. Алардын арасында Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев да бар. Бул административдик ресурс колдонуунун ачык далили, дешет эксперттер.