С. Жээнбеков: «Министрлер айылдардагы көйгөйлөрдү билишпейт» (видео)

838

Аткаминерлердин жер-жерлердеги көйгөйлөрдөн кабары жоктугунан, аймактар өнүкпөй жатат. Жетекчилердин элет эли менен байланышы начар. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков «Региондорду өнүктүрүү боюнча Улуттук диалог» деп аталган жыйында билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, учурда эң негизги маселе — аймактарды комплекстүү өнүктүрүү боюнча бирдиктүү саясаттын жоктугу.

Ошондой эле, жыйындын жүрүшүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча кодексти кабыл алууга убакыт келгени да айтылды. Мындан тышкары, коррупция менен курош жер-жерлерде да улантылып, жакында жаны фактылардын бети ачылары айтылды.