С. Жээнбеков: «Мөөнөтүм бүткөнчө муктаж айылдар таза суу менен камсыз болот»

2823

Президент Сооронбай Жээнбековдун маалымат жыйыны болуп өттү. Иш-чара 3 саатка уланып, ага 92 жалпыга маалымдоо каражатынан 200гө жакын журналист катышты. Жыйындын башталышында мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков 2 жылдык ишинин жыйынтыктары тууралуу кыскача маалымат берип өттү.

Айтымында, Кыргызстанда аймактарды өнүктүрүү үчүн негизги шарттар түзүлүп, каржылоо кескин түрдө жогорулатылды. «Мөөнөтүм бүткөнчө бардык муктаж айылдар таза суу менен камсыз болот» — деди Жээнбеков. Мындан соң мамлекет башчысына коррупция менен күрөшүү, мигранттардын укуктарын коргоо, суу ресурстарын колдонуу, аймактарды өнүктүрүү, кийинки жылы боло турган шайлоо жана ушул сымал башка бир катар суроолор берилди.

Президент паракорлук тууралуу суроого жооп берип жатып, өлкөдө коррупцияга каршы күрөш тандалма жүрбөгөнүн жана саясий куугунтук тууралуу айыптоолор негизсиз экенин билдирди. Ошондой эле, ал президент болгондон тарта эле коррупция көйгөйүн Коопсуздук кеңешинде карап баштаганын, ошонун жыйынтыгын январь айында талкуулап, кандай натыйжа болуп жатканын сурай турганын да билдирди.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.