С. Жээнбеков: «Санариптештирүү» коррупцияны кыскартат (видео)

560

«Санариптештирүү» мамлекеттик органдардын эффективдүүлүгүн жогорулатып, коррупцияны кыскартат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков «Борбордук Азиядагы санарип трансформациясы» аталышындагы эл аралык конференцияда билдирди.

Мамлекет башчынын айтымында, учурда өлкөдө санарип технологиясынын маанисин жана пайдасын түшүнүп, бул процесске катышкан жарандардын саны өсүүдө. Ошондой эле, өзгөрүүлөрдөн качпай, жаңыланууну ыкчам кабыл алып, турмушка тездетип киргизген өлкөлөр гана ийгиликке жетип жатышат.