С. Жээнбеков: «Сот реформасына бут тоскондор жазаланат» (видео)

620

Сот реформасынын жүрүшүнө бут тоскондор катуу жазаланат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков соттук реформа боюнча кеңештин жыйынынын отурумунда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, бул жаатта мониторинг жүргүзгөн эксперттик жумушчу топтун өкүлдөрү соттук реформа жүргүзүүдө кандай кемчиликтер бар экенин аныктап чыгышкан. Ага ылайык, айрым жетекчилер жаңыланууну каалашпайт экен.

Ал эми адистердин айтымында, жаңы эл аралык стандарттарга шайкеш келген укуктук мейкиндикке өтүү оңой болбойт. Анын үстүнө жаңы кодекстер менен учурда иштеп жаткан мыйзамдар ортосунда 200гө жакын коллизия бар экен. Ал карама-каршылыктарды жоюу үчүн убагында тапшырмалар берилгени менен аткаруу бийлиги тарабынан аракеттер кечеңдеп жатыптыр.