С. Жээнбеков Түркия менен Евробиримдикке сапар жасайт (видео)

1196

Кыргызстан Түркия мамлекети менен саясий диалог түзөт. Ал эми Бельгияга визит жасоо менен президент Сооронбай Жээнбеков Европа институттарынын жетекчилиги менен жеке байланыш түзмөкчү. Бул тууралуу Мамлекет башчынын аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы кабарлады. Данияр Сыдыков белгилегендей, Түркия жана Евробиримдик Кыргызстандын тышкы саясатындагы артыкчылыктуу өнөктөштөрдүн бири. Анкарага болгон расмий сапардын жүрүшүндө президент Жээнбеков Түркиянын мамлекет башчысы, премьер-министри жана парламент төргасы менен жолугушат. Ал эми Брюсселде Европа комиссиясынын төрагасы, Евро биримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку комиссары жана Европа Кеңеши менен Европарламентин төрагалары менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.