С. Жээнбеков: үй-бүлөлүк башкарууга жол бербейм! (видео)

1016

«7-апрель окуясынан сабак алып, үй-бүлөлүк кландык башкарууга жол бербейбиз!» Президент Сооронбай Жээнбеков мындай пикирин 2010-жылдагы апрель ыңкылабынын катышуучулары жана курман болгондордун жакындары менен кечээ күнү жолугушуу учурунда билдирди. Иш-чарага апрель революциясынан кийин түзүлгөн бир катар коомдук уюмдар жана ыктыярдуу элдик кошуундардын өкүлдөрү катышты. Мамлекет башчы апрель баатырларын кыргыз эли эч качан унутпайт деди. Ал эми апрель ревоюлциясынын катышуучулары президент коррупция менен аёосуз күрөштү аягына чыгарат, деп ишенишээрин жана колдошоорун билдиришти.