С. Жээнбековдун президент болуп шайланганына 1 жыл болду (видео)

726

Президенттик шайлоонун өткөнүнө туура бир жыл болду. Эл аралык байкоочулар менен саясат таануучулар белгилегендей, Кыргызстанда мамлекет башчыны тандоо биринчи жолу демократиялык жол менен өттү. Президенттике талапкерлердин көптүгүнө карабастан, эң көп добуш алган 2 гана талапкер болду.

Алар азыркы мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков жана «Республика» партиясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабанов. Ал шайлоонун жыйынтыгын тааныганын эртеси күнү эле жарыялап, өзүнүн тарапташтарын ар кандай чагымчыл чакырыктарга алдырбоого чакырганы белгилүү.