Сабалган дарыгер иштен кетип калды (видео)

1427

Баласы ооруган эне кол салган дарыгер жумуштан кетти. Бишкектеги балдар клиникалык ооруканасынын педиатры өз өмүрү үчүн кооптонуп иштен кетүүгө аргасыз болгонун айтты. Анткени жаалданган бейтаптар тарабынан кол көтөрүү, ыплас сөздөр менен тилдеген учурлар көп эле катталат дейт.

Бишкектеги балдар ооруканасында дарыгерлердин жазган рецебине макул болбогон келин дарыгерди каргап, ага кол көтөргөнгө чейин барган. Мунун баары тартылган тасма интернетке тарап, жарандардын ушундай мамилесинен улам дарыгерлер жумуштан кетип жатканы айтылган. Бир жыл ичинде эле бешинчи дарыгер ушундай себептерден улам ишин таштады.