Сабалган дарыгердин кесиптештери иш таштайбы? (видео)

2289

Бишкек шаардык №3 балдар ооруканасынын педиатрлары жумуш ташташы мүмкүн. Ак халатчандар муну менен кызматтан кетүүгө аргасыз болгон кесиптешин колдоону туура көрүшкөн. Бирок дарыгерлер бул тууралуу журналисттерге ачык айтуудан карманышууда.

Эске салсак, ооруканада баласын көрсөтүүгө келген келин менен педиатрдын ортосунда чыр чыгып, көп өтпөй, дарыгер кызматтан кетүү тууралуу арызын жазган. Ал эми оорукананын башкы дарыгери кол алдында иштеген башка кызматкерлер да иш таштаганы турат деген маалымат чындыкка дал келбейт деп ишендирүүдө.