Сабалган Дурбек Алимжанов Бишкекте милицияга кайрылды (видео)

2270

Дурбек Алимжановдун сабалышы боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгошу керек. Мындай пикирин бир катар эксперттер айтышууда. Кечээ күнү Ош шаарынын тургуну белгисиз адамдар тарабынан катуу ур-токмокко алынганын билдирип, кайрылуу жасаган. Ишкерди беш киши кыйноого алып, мажбурлап «Өмүрбек Бабановго каршы жалган маалыматтарды сүйлөтүп, мунун баары видео тасмага тартып алышкан. Бул окуяны Ош областык Ички иштер башкармалыгы иликтей баштаганы кабарланды. Ал арада, укук коргоо органдарынын ардагерлери Дурбек Алимжановду ур-токмокко алып, талапкерге каршы кыйнап сүйлөткөнү криминалдык дүйнөнүн Бишкекте тарта баштаган фильминин уландысы болушу мүмкүн деп божомолдошууда.