Сабалган кыздардын апасы энелик укуктарынан ажыратылбайт (видео)

1222

Өгөй атасы тарабынан сабалган кыздардын апасы энелик укуктарынан ажыратылбайт. Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү мындай кескин чарага баруу үчүн олуттуу жүйөө керек экенин билдиришүүдө. Андыктан кыздар толугу менен дарыланып бүткөндөн кийин энесинин колуна өткөрүлүп берилет экен. Эске салсак, 26-июнь күнү Чүй областынын Сокулук районунун аймактык ооруканасына катуу сабалгандан кийин 10 жаштагы эгиз кыздар келип түшкөн. Шектүү катары алардын 35 жаштагы өгөй атасы кармалып, ага карата «кыйноо» беренеси менен кылмыш иши козголду.