Сабиз менен картошканы тышка сатууга чектөө киргизилеби? (видео)

3310

Сугат суу тартыш болуп, азык-түлүктүн айрым түрлөрү кескин кымбаттоодо. Өкмөт бул көйгөйдү чечүүнүн бирден-бир жолу катары айыл-чарба өсүмдөрүнүн кээ бир түрлөрүн тышка сатууга убактылуу чектөө киргизүүнү сунуштоодо. Ал ишке ашып калса, кийинки аптадан тарта сабиз менен картошка сентябрга чейин өлкө ичинде гана сатылат.

Ошол эле учурда бизге алынып келген азык-түлүктөрдү өлкөгө киргизүүдө жеңилдиктерди берүү да сунушталууда. Ал арада сугат суу маселеси да дыйкандардын түйшүккө салып турган чыга. Кургакчылыктын кесепетинен жаз башында тиккен көчөттөр куурап, багбандардын сызга отуруп калуу коркунучу жаралды.