Сабиз менен кызылча 2 жумадан кийин арзандайт (видео)

3013

Учурда баасы асман чапчып кымбаттап жаткан сабиз менен кызылчанын наркы эки апта аралыгында арзандашы күтүлүүдө. Буга өлкө ичинде жана кошуна мамлекеттерде бул өсүмдүктөрдүн бышып жетилиши негиз болот. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинен билдиришти.

Акыркы айларда айрым өсүмдүктөрдүн баасынын кескин кымбаттап кетиши бир топ суроолорду жаратууда. Себеби бул өндүрүмдөр менен өлкө өзүн-өзү камсыздай алат.