Садык Алахан «Санжыра» радиосу жөнүндө… (Алмагүл Турдалиева)

12603

Садык Алахан: «Санжыра» — аты эле айтып тургандай элдик КӨРКӨМ казынаны, элдик дүйнөтаанымды, элдин элдигинин эң башкы энбелгилерин, алар ар тараптан терең да, жеткиликтүү да чагылдырылган көркөм дүйнөнү, ал дүйнөнү аспиеттеп алып жүргөн адамдардын жаратмандык жан дүйнөсүн оболото обого алып чыгып, атпай журтка жеткирип жүргөн өз үнү, өз жүзү бар нукура ЭЛДИК радио болуп калды эле. Саясаттан алыс, саясаттын сасык иши менен жумушу жок асыл рухту аруу туткан радио эле… Көпчүлүк сыяктуу эле мен да «САНЖЫРА» радиосунун обого чыгышын күткөндөрдүн биримин… Бул маселе эл мүдөөсүн эске алуу менен туура чечилет деген ишенимдемин.»