Садык Шер-Нияз президенттик шайлоого катышуудан баш тартты

1694

Президенттикке ат салышып жаткан Садык Шер-Нияз саясий жарыштан четтеп, өзүнүн талапкерлигин ала турганын жарыялады. Мындай чечимге ал президенттик шайлоого бараткан Садыр Жапаров менен жолугуп, сүйлөшкөндөн кийин барган. Жолугушууда Садык Шер-Нияз бир нече маселе боюнча өз позициясын айтып, аларды Жапаров колдоого алганын билдирди.

Бирок парламентаризм боюнча экөө эки ача пикирде калышкан. Садык Шер-Нияз буга чейин өлкөнү башкаруунун парламенттик формасын жактап келген. Ошол эле убакта, ага талапкерликтен баш тартканы үчүн кандайдыр бир кызмат сунушталдыбы деген суроо да берилди. Президенттикке ат салышкан канча талапкер калды?