Садык Шер-Нияз “тегеректин квадратурасын” таптыбы? (видео)

859

Жогорку Кеңештин депутаты, кинорежиссер Садык Шер-Нияз окумуштуулар 4 миң жылдан бери жандырмагы табылбай жаткан маселени чечүүнүн ыкмасын тапканын жар салды. Ал «тегеректин квадратурасы». Бул маселени чечүүдө — циркуль менен сызгыч гана колдонулуп, анда берилген айлананын аянтына барабар болгон квадратураны түзүү зарыл. Бирок депутат мындай методду колдогон эмес.

Ал арада Улуттук илимдер Академиясынын математик-окумуштуулары депутаттын тапшырманы аткарганынан күмөн санашууда. Садык Шер-Нияздын достору болсо, ким бул ыкманын геометриялык жактан туура эмес экенин далилдеп, аны жокко чыгаргандарга 1 миллион сом төлөп бере тургандарын билдирип чыгышты. Окумуштуулар жүздөгөн жылдар бою чече албай келген маселенин жандырмагы табылдыбы?