Садыр Жапаров 125 адамга мамлекеттик сыйлык тапшырды (видео)

2498

Ишмердүүлүгү менен өзгөчөлөнгөн кыргызстандыктар. Президент Садыр Жапаров 125 адамга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өткөрүлгөн иш-чарага дарыгерлер, мугалимдер, спорт машыктыруучулары, журналисттер, маданият ишмерлери жана ишкерлер чакырылган.

Президент алардын эмгеги кандай гана заман, кайсы гана бийлик учурунда болбосун, келечек муунга үлгү болорун белгиледи.