Садыр Жапаров атаандаштарын биригүүгө чакырды (видео)

1354

Шайлоодо жеңип чыккан Садыр Жапаров атаандаштарын ушак-айың менен алпурушпай, алардын иш тажрыйбасын өлкөнү өнүктүрүү үчүн колдонууга чакырды. Садыр Жапаровдун мындай позициясын саясий жарышка катышкан айрым кандидаттар да колдоп чыгышты.

Талдоочулар да биримдикте иш алып баруу стратегиялык жактан эң туура чечим экенин айтышууда. Эң башкысы ар бир катышуучу максаттарды туура кое билиши шарт.