Садыр Жапаров балдар үйүнө барды (видео)

1258

Кыргызстанда бала асырап алуунун жол-жобосу жөнөкөйлөтүлгөндөн бери атайын борборлордогу бөбөктөрдүн саны кыйла азайды. Былтыртан бери 61 бала багып алууга берилген. Учурда Бишкек шаарындагы балдарды жана үй-бүлөлөрдү реабилитациялоонун адистештирилген борборунда 24 бөбөк тарбияланууда.

Былтыр бала асырап алуу боюнча мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы иштей баштаган. Муну менен бюрократиялык жана коррупциялык тоскоолдуктар жоюлганы айтылган. Президент Садыр Жапаров балдарды коргоо жаатындагы реформаларды ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты.