Садыр Жапаров боштондукка чыкканы калдыбы? (видео)

720

Садыр Жапаров боюнча соттун өкүмү өзгөрүшү мүмкүн. Ага козголгон кылмыш иши жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайрадан карала турган болду. Буга байланыштуу Бишкек шаардык прокуратурасы Жапаровдун ишин текшерүүнү Биринчи май райондук прокуратурасына тапшырды. Садыр Жапаровдун адвокаты окуянын төрт күбөсүнүн көрсөтмөсү мажбурлоо жолу менен алынганын негиз кылып, ишти жаңы жагдайлар боюнча кайра кароону өтүнгөн.

Эске салсак, Садыр Жапаров 2013-жылы Караколдо болгон митинг учурунда ошол кездеги Ысык-Көлдүн губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну уюштурууга тиешеси бар деп айыпталып, былтыр 11 жыл 6 айга кесилген. Андан кийин, бул иш 2 инстанцияда да каралып, алар дагы соттун мурдагы чечимин өзгөртүүсүз калтырган.