Садыр Жапаров быйыл иш сапары менен Түркияга барат (видео)

3350

Быйыл президент Садыр Жапаров Түркияга иш сапары менен барары пландалууда. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ахмет Садык Доган мамлекет башчысына ишеним грамотасын тапшыргандан кийин билдирди.

Аны менен кошо Садыр Жапаров дагы 5 өлкөнүн; Пакистан, Өзбекстан, Венгрия, Афганстан, Казакстандын элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды. Мамлекет башчы ар бир элчи менен эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын, өз ара кызматташуунун артыкчылыктарын, өлкөлөр ортосундагы мамилелерди мындан ары тереңдетүү чараларын талкуулады.