Садыр Жапаров: Жаңы конституциянын долбоору даяр (видео)

1868

Баш мыйзамды өзгөртүү үчүн конституциялык кеңешме түзүлөт. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Ош шаарында жергиликтүү тургундар менен жолугушуп жатып билдирди. Анын айтымында, учурда жаңы конституциянын долбоору даяр. Анда парламенттин тең жарымы бир мандаттуу болсо, калганы партиялык тизме менен шайланып келиши керек деп көрсөтүлүптүр.

Мындан башка пункттары ачыктала элек. Долбоор 10-15 күндүн ичинде Конституциялык кенешмеге чыгарылып, коомчулукка ачык талкууланат экен. Реформалар ишке ашып калса, өлкө кийинки жылдын апрель-май айларынан тарта жаңы Баш мыйзам менен жашай баштайт.