Садыр Жапаров: Мамлекеттик кызматкерлерди алуу ачык-айкын жүргүзүлөт

2417

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров өлкөнүн түштүгүнө болгон иш сапарынын алкагында Ош шаарынын тургундары менен жолугушту.

Жапаров жергиликтүү тургундардын алдында сүйлөп жатып кадрдык реформа маселесин козгоду. Анын айтымында, мамлекеттик кызматка жарандарды кабыл алуу конкурстун жана комиссиянын негизинде жүргүзүлөт. Кадрларды кабыл алуу онлайн режиминде өтөт.

«Мен дайыма билимдүү кадрлар керек экендигин айтып келем. Билимдүү жарандарыбыздын мамлекеттик кызматка кирүүсү үчүн бардык шарттарды түзүшүбүз керек. Мындан ары мамлекеттик кызматка кызматкерлерди алуу ачык-айкын болот», — дейт Жапаров.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.