Садыр Жапаров: Мени сындап, түздөп тургула (видео)

1213

Мындан ары Кыргызстанда мыйзамдуулуктун диктатурасы орнойт. Көчө оппозициясы бөлүүнү токтотуп, бардык маселени жыйындар залында талкулоого өтүшүбүз керек. Бул тууралуу жаңы шайланган президент Садыр Жапаров Бишкектин борбордук аянтында чогулган элдин алдында сүйлөп жатып билдирди.

Садыр Жапаровдун шайлоодон утуп чыкканынын урматына концерт уюштурулду. Майрамдык иш-чара кечке чейин созулду. Анда сөз сүйлөгөн жаңы шайланган президент өлкөнү адилет башкарууга убада берди. Эгерде кемчиликтер кетип калса, сын айтып түздөп турууну суранды.