Садыр Жапаров мигранттар менен жолугушту (видео)

1607

Россия Кыргызстанга 623 миллион рубль бөлүп бере турган болчу. Каражат товарды идентификациялоо үчүн маркировкалоо системасын түзүүгө коротулат. Мындай келишимге Россиянын өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров менен финансы жана экономика министри Улукбек Кармышаков кол коюшту.
Ошондой эле, айыл чарба жаатында да меморандумга кол коюлду. Москвага жасаган 2 күндүк иш сапарынын алкагында президент Садыр Жапаров Россияда иштеп жана билим алып жүргөн мекендештерибиз менен да жолугушканга жетишип, алардын көйгөйүн укту.