Садыр Жапаров: Өлкөдө саясий процесстер укуктук талаага кайтып келди (видео)

2913

Кыргызстан башка өлкөлөр менен болгон эки жана көп тараптуу келишимдердин алкагындагы эл аралык милдеттенмелерин улантат жана аткарат. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров өлкөдө аккредитацияланган дипломатиялык миссиялардын жана эл аралык уюмдардын башчылары, чет мамлекеттердин ардактуу консулдары менен кезигип жатып билдирди.

Жолугушууда өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал толук турукташкандыгын айтты. Ошондой эле, дипөкүлчүлүктөрдүн жетекчилерине кайрылып зарыл реформаларды жүргүзүүгө, инвестиция тартууга жана башка бир катар багыттарда колдоо көрсөтүүгө чакырды.