Садыр Жапаров өзүнүн портретин мекемелерге илбөөгө чакырды (видео)

2310

Садыр Жапаров өзүнүн портретин мамлекеттик мекемелерге илбөөгө чакырды. Анын билдирүүсүн президенттин басма сөз катчысы таратты. Өлкө башчы Кыргызстандын түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө салымын кошкон Жусуп Абдрахманов, Исхак Раззаков сыяктуу белгилүү инсандардын сүрөтүн илүүнү сунуштады.

Эскерте кетсек, 4 жыл мурда өлкө башчынын портретин жасоо бизнеске айланып, мамлекеттик мекемелер аны 1500 сомдун тегерегинде сатып алууга мажбур болуп жатат деген маалыматтар тараган эле. Президент Садыр Жапаровдун сунушунан кийин аткаминерлердин кабинетиндеги сүрөттөр алмаштырылдыбы?