Садыр Жапаровдун соту 30-апрелге жылдырылды

1250

Учурда Жогорку соттун алдында, эски аянтта Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров жана Дүйшөн Чотоновдун тарапташтары митинг өткөрүп жатышат. Чогулгандар камактагы саясатчыларды боштондукка чыгарууну талап кылышууда. Эртең менен саат 09.30да Жогорку сотто Садыр Жапаровдун иши каралып, адвокаттар судьяга ишенбөөчүлүк көрсөтүп, жактоочулардын өтүнүчү канааттандырылды. Судья соттук коллегиянын курамы өзгөртүлгөндүктөн иш менен таанышып чыгууга убакыт керектигин айтты. Мындан улам ишти кароо 30-апрелге жылдырылды.

Ал эми Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча соттук отурум түштөн кийин саат 16:00 до болот. Эске салсак, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Текебаев «Коррупция» жана «Алдамчылык» беренелери боюнча айыпталып, 8 жылга эркинен ажыратылган.  Бирок кийин Текебаевдин адвокаттары жаңы ачылган беш жагдай боюнча Жогорку сотко кайрылып, ишти кайра кароону өтүнгөн.

Ал эми Садыр Жапаров 2013-жылы Ысык-Көлдө болгон митингде Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну уюштурууга тиешеси бар деп айыпталып, 11 жыл 6 айга кесилген. Анын иши да жаңы кодекс күчүнө киргендигине байланыштуу кайра каралууда.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.