Ал эми Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча соттук отурум түштөн кийин саат 16:00 до болот. Эске салсак, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Текебаев «Коррупция» жана «Алдамчылык» беренелери боюнча айыпталып, 8 жылга эркинен ажыратылган. Бирок кийин Текебаевдин адвокаттары жаңы ачылган беш жагдай боюнча Жогорку сотко кайрылып, ишти кайра кароону өтүнгөн.
Ал эми Садыр Жапаров 2013-жылы Ысык-Көлдө болгон митингде Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну уюштурууга тиешеси бар деп айыпталып, 11 жыл 6 айга кесилген. Анын иши да жаңы кодекс күчүнө киргендигине байланыштуу кайра каралууда.
Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.