Садыр Жапаровдун уулу Дастан Садыр уулу жол кырсыгынан улам каза болду

1505

Милициядан кабарлашкандай, жол кырсыгы 22-августта кечки саат ондор чамасында Бишкектин Көк-Жар айылында катталган. Садыр Жапаровдун уулу Дастан мотоцикл менен катуу ылдамдыкта келе жатып, соода түйүндүн аянтчасында токтоп турган “ «Тойота Матрикс» үлгүсүндөгү унаага барып урунган. Ошол убакта анын жанында 20 жаштагы бир жүргүнчү кыз бар экени айтылууда.

Милиция берген маалыматка караганда, мотоциклчен жигит башка машина менен кагышып кетүүдөн качканга аракет кылып, бирок башка бир унааны сүзүп алган. Жол кырсыгынан кийин жабырлануучулар ооруканага жеткирилген. Дарыгерлердин айтымында, Дастан Садыр уулунун 12 кабыргасы сынып, өпкөсүнө кирип кеткен. Сан сөөгү, жамбаш сөөгү, кашка жилиги да сынган экен. Алган оор жаракаттарынан улам, ал 3 күн ооруканада комада жатып, бүгүн болсо жандандыруу бөлүмүндө көз жумду.

Дастан Садыр уулунун сөөгү Ысык-Көл областынын Түп районундагы Кең-Суу айылында жерге берилет. Мындан улам, Жогорку Кеңештин экс-депутатынын адвокаттары Садыр Жапаровду уулунун акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышууга мүмкүнчүлүк берүүнү суранып, жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына кайрылгана жатышат.

Маркум Дастан Садыр уулу төрт бир туугандын улуусу. Куралдуу күчтөрдүн курамындагы Улуттук Гвардияда кызмат кылган. Ал 14-августта 27 жашка толуп, кырсык болгон күнү болсо Ысык-Көлдөн келе жатканы маалым болду.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.