Сагынбаев: Түркия 130 кишиден турган «гүленчилердин» тизмесин берген эмес

816

Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев Анкара Кыргызстандын бийлигине «гүленчилердин» 130 кишиден турган тизмесин бергени жана аларды өткөрүп берүүнү талап кылганы тууралуу түрк медиасында чыккан кабарга комментарий берди.

Сагынбаев 130 кишиден турган тизме кимдир бирөө тарабынан ойлонуп табылган жана өлкө ичинде резонанс жаратуу үчүн таркатылган маалымат экенин айтты. “Дагы бир жолу белгилей кетейин, 130 кишинин тизмесин же башка бир тизмени түрк тарап кыргыз тарапка берген жок”, -деп билдирди Коопсуздук кеңешинин катчысы.

Мындан тышкары ал “Сапат” билим берүү жайларынын имараттарын “Маариф” фондуна өткөрүп берүү маселеси да каралбаганын белгиледи. Ал “Сапат” өз алдынча формада иш алып барып, балдарды окутууну улантарын кошумчалады.

Түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстанга сапарында Фетхуллах Гүлендин кыймылынын 130 мүчөсүнүн тизмесин кыргыз бийлигине бергени тууралуу түркиялык «Хүрриет» басылмасы жазып чыккан. Андагы маалыматка ылайык, аталган тизмеде Гүлен кыймылынын Кыргызстандагы активдүү мүчөлөрү, Борбор Азия боюнча имамы бар.

Бул сапардын жыйынтыгы тууралуу элчи Женгиз Камил Фырат 10-сентябрда Бишкекте маалымат жыйын өткөрүп, «Сапат» билим берүү мекемелеринин имараттарын Түркиянын «Маариф» фондуна өткөрүү пландалып жатканын билдирген. Кыргызстандын Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева мындай сүйлөшүү болбогонун айткан. 11-сентябрда Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Тышкы иштер министрлигине чакыртылган.